Кечээ, 4-декабрда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов өз арызы менен кызматтан кетсе, бүгүн Ош шаарынын милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов кызматтан бошотулду. Учурда эки шаарды убактылуу вице-мэрлер башкарып турат. Өмүрбек Текебаев демилгелеген “Ош жана Бишкек шаарларынын статусу жөнүндө” мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынып, президентке кол коюуга жиберилген. Ага кол коюлса, Ош менен Бишкектин мэри жаңы тартипте шайланат. Тактап айтканда, мындай:
Мэрликке талапкерди өкмөт башчы же шаардык кеңештеги фракциялар сунуштап, шаардык кеңештеги көпчүлүк депутаттардын добушун алган талапкер шаар башчысы болуп шайланат.
Ал эми учурдагы мыйзам боюнча мэрлик кызматка талапкерди президент көрсөтүп, шаардык кеңеш шайлайт. Өмүрбек Текебаев буга чейин “эгер президент мэрлик орунга талапкер көрсөтсө, анда “өзүнө ыңгайлуу кадрды сунуштады” деген саяктуу ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн. Талапкерди шаардык кеңештин депутаттары өздөрү тандап алышы керек",- деген болчу.