Бүгүн, 13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында катуу атышуу башталды. Эки өлкөнүн Коргоо министрликтери карама-каршы маалыматтарды таратышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын куралдуу күчтөрү артиллерия жана учкучсуз учактар аркылуу Армениянын аймагын аткылай баштаганын билдирди.
"13-сентябрда саат 00:05тен баштап Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Горис, Сотк жана Жермуктун жанындагы армяндардын позицияларын артиллерия менен аткылоого киришти", - деп айтылат маалыматта.
Аскердик ведомство Азербайжан менен чек арадагы жаңжалдын натыйжасында каза болгондор жана жаракат алгандар бар экенин белгиледи. Азербайжандын жарандык инфраструктурага сокку урганы да кабарланууда.
Азербайжандын Коргоо министрлиги өз кезегинде армян аскерлерин ири провокация үчүн айыптады. Баку 12-сентябрга караган түнү Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү азербайжан-армян мамлекеттик чек арасынын Дашкесан, Калбажар жана Лачин багыттарында масштабдуу провокация жасагандыгын айтууда.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен курчуп кеткен жаңжалды талкуулады.
Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында Орусиядан жардам сурап кайрылуу чечими кабыл алынган.
"Жолугушуунун жүрүшүндө Азербайжандын Армениянын суверендүү аймагына карата түнкү саат 00:00дө башталган агрессивдүү аракеттерине каршы мындан аркы кадамдар талкууланды. Армения Республикасынын суверендүү аймагына жасалган агрессияга байланыштуу расмий түрдө Армения Республикасына кайрылуу чечими кабыл алынды. Армения Республикасынын суверендүү территориясына жасалган агрессияга байланыштуу достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жоболорун ишке ашыруу максатында Орусия Федерациясына официалдуу кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды", - деп билдиришкен Армениянын министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан.