Президент
Алмазбек Атамбаев 4-декабрда “2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган
КРнын Өкмөтүнүн атынан Каржы министрлиги (насыя алуучу) менен Кытайдын
Экспорттук-Импорттук банкынын (насыя берүүчү) ортосундагы Түндүк-түштүк кошумча
унаажолу, Казарман - Жалал-Абад участогу жана Балыкчы-Арал долбоору
боюнча жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына
кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын
28-ноябрында кабыл алынган болчу.
Мыйзамга ылайык, КРнын Каржы министрлигине
жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик
жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарлоого
тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн
өткөндөн кийин күчүнө кирет.