КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев иш сапары менен Киевде жүрөт

Бүгүн, 5-декабрда КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Киев шаарында өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 20-жыйынына катышууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйынга ЕККУга мүчө болгон 57ден ашуун мамлекеттин 36дан ашык тышкы иштер министрлери жана аталган уюмга өнөктөш катары катталган Түндүк Африка менен Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышышат. Алар Ооганстандагы кырдаал, адамдарды кулчулукка сатуу, журналисттердин коопсуздугу, энергетикалык коопсуздук темалары туурасында талкуу жүргүзөт. Ошондой эле бул жыйында КРнын тышкы иштер министринин башка өлкөдөгү кесиптештери менен расмий эмес жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан