“Жалал-Абад электр” 2 айдан бери кызматкерлерине айлык бербей жатыптыр

 "Жалал-Абад электр" ишканасы 2 айдан бери кызматкерлерине айлык бербей жатат. Муну SUPER.KG порталына аталган тармакта иштеген өздүк булактарыбыз билдирди. Жетекчилик маяналардын берилбей жатышын, "акча жок" деген себеп менен түшүндүрүп жатыптыр. "Жаңы жылга чейин айлыктарыбызды бербесе, нааразычылык акциясына чыгабыз. Мурда планды толук аткарган кызматкерлерге сыйлык иретинде кошумча акча берилчү, ал дагы берилбей калды",- деди булак. Ал эми аталган ишкананын жетекчиси Абакир Абдылдабеков айлыктар өз убагында эле берилип жатканын айтат. “Айлыктар берилип эле жатат. Сыйлык иретиндеги акча да берилүүдө. Ноябрь айы үчүн маяналарды бере элекпиз, анткени отчёт тапшыруулар эми аяктоодо”,- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан