Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кумтор Голд Компани” ЖАКсынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановго издөө жарыяланды. Бул туурасында мекемеден билдиришет.
"Кумтор Голд Компани" ЖАКсындагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган коомдун мурдагы аткаруучу директору К.Курмановго Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси "Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу" менен айыбы угузулуп, камакка алуу бөгөт чарасы тандалды. Ошондой эле айыпталуучу К.Курмановго издөө жарыяланды", - деп айтылат маалыматта.
Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.
Маалымат үчүн: Башкы прокуратура "Кумтөр" ишканасын текшере баштаган. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгон. 13-сентябрда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк кармалган. Бүгүн, 15-сентябрда анын баш коргоо чарасы каралып, 10-ноябрга чейин камакта калтырылды. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.