Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүккө карата 10-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу баш коргоо чарасын тандаган.
Эскерте кетсек, Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан кармалган.
Буга чейин Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаганы белгилүү болгон. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.
Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.