“Республика” фракциясы көпчүлүк коалицияга кирүү аракетин токтотту

“Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеӊештеги “Ырыс алды – ынтымак” көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Куловго фракциянын коалицияга кирүү процессин токтотуу жөнүндө расмий кат тапшырды.

Каттын мазмуну төмөнкүдөй:

“Өлкөнү өнүктүрүү, стабилдүүлүктү жана биримдикти сактоо, жана элдин мүдөөсүн коргоо үчүн бирдиктүү чечим кабыл алуу максатында "Республика" фракциясы коалициянын курамына кирүүгө даяр.

Бирок премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин КРнын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча аталган дирекциянын мурдагы башчысы катары мамлекетке зыян алып келген коррупциялык маанайдагы бир катар мыйзам бузууларга катыштыгы бар экендигин эске алуу менен биздин фракция аталган өкмөт менен Кыргызстандын өнүгүшү үчүн иштеше албайт деп эсептейт.

Мындан тышкары, массалык маалымат каражаттарындагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин коммерциялык ишканаларга жана «Кумтөр» долбоору боюнча кызыкчылыктардын кагылуушусуна катыштыгы бар деген маалыматтар иштеп жаткан өкмөткө Жогорку Кеңешинин депутаттары жана коомчулук тарабынан көп нааразычылыктарды жана ишенбөөчүлүктү жаратууда.

Буга байланыштуу "Республика" фракциясы азыркы өкмөттүн мындай кадамдарына жоопкерчилик ала албайт жана колдобойт. Азыркы өкмөт кызматтан кеткенден кийин жана Кыргызстандын бардык жарандардын колдоосуна жана ишеничине ээ болгон өкмөттүн жаӊы курамы түзүлгөндөн кийин гана "Ырыс алды - ынтымак" көпчүлүк коалициясына "Республика" фракциясынын кириши тууралуу маселеге кайрылуу туура деп эсептейт”.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан