Киевдеги нааразычылык акциясын токтотпосо, өлкөдө кымбатчылык болот

Бүгүн, 5-декабрда Киевдеги Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 20-жыйыны өтүп жаткан имаратка митингге чыккандар “Басма сөздүн эркиндигин коргогула!” деген лозунгдар менен келе башташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Алардын маалыматына караганда, тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жаткан имаратта коопсуздук абалы толук бойдон полиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Анын аймагын тартип сакчылары күзөткө алып, кирген-чыккан адамдардын сумкасын текшеришүүдө.
Киевдин борборунда өтүп жаткан митинг дале уланууда. Чет элдик маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, бүгүн түнү (5-декабрь) демонстранттар жаткан кепелердин саны дагы өскөн. Бул акцияга байланыштуу сөз сүйлөгөн Сергей Арбузов “Мамлекеттик бийликти оодарууну, сүйлөөнү саясатчыларга калтырыш керек. Өкмөт менен демонстранттар бир үстөлгө отуруп, тил табышуусу зарыл. Эгерде мамлекеттеги кырдаалды калыбына келтирбесе, экономика кыйрап, нанга болгон баа кымбаттап кетиши мүмкүн”,-деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан