Нурбек Абасканов Бишкек шаардык телефондор тармагынын башкы директору болуп дайындалды

Нурбек Абасканов Бишкек шаардык телефондор тармагынын башкы директору болуп дайындалды. Мындай чечимди “Кыргызтелеком” ААКнын башкармалыгы кабыл алды.

Маалым болгондой, компаниянын мурдагы жетекчиси Александр Дя кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Нурбек Абасканов 1981-жылы туулган.  Ал 2003-жылы КРнын  Президентинин алдындагы башкаруу академиясынан бухгалтердик эсеп жана аудит адистигин аяктаган.

Ал буга чейин төмөнкү кызматтарда иштеген:

2000-2004-жылдар аралыгында “Тренингдер жана консалтинг борбору” компаниясында каржылык директор жана улук каржылык кеңешчи;

2004-2008-жылдар аралыгында  “Ареопаг-Бишкек” компаниясынын генералдык директору;

2006-2009-жылдар аралыгында “Сайма-Телеком”  ЖАКнын директорлор кеңешинин курамында;

2010-2011-жылдар аралыгында “Газпром нефть Азия” ЖЧКнын долбоордук кеңсесинин директору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан