Кыргыз парламентинин 75 жылдыгына карата бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен депутаттар, коомчулук өкүлдөрү сыйланды. Муну парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Сыйлык тапшыруу аземинде төрага Асылбек Жээнбеков кыргыз парламентинин калыптанышы менен өнүгүшүнө Жогорку Кеңештин бардык чакырылыштардагы депутаттары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, парламенттин аппаратынын кызматкерлери салым кошконун айтты.
КМШ ПААнын Ардак грамотасы жана Содружество медалы менен Жогорку Кеңештин депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Бахтияр Кадыров, Бахадыр Сулейманов, ЖККУ ПАнын катчылыгынын мааракелик медалы менен депутат Кенжебек Бокоев сыйланды.
Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен депутаттар Анвар Артыков, Ташполот Балтабаев, Кенжебек Бокоев, Турсунбай Бакир уулу, Акуналы Досалиев, Курманбек Дыйканбаев, Гүлнара Жамгырчиева, Эркингүл Иманкожоева, Улукбек Кочкоров, Татьяна Левина, Сайдулла Нышанов, Гүласал Садырбаева, Эркин Сакебаев, Талантбек Узакбаев жана Эсенгул Исаков сыйланышты.
Ал эми Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен Олимпиада чемпиону, Дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Мустафа Кидибаев, физика-математика илимдеринин доктору, Бишкек шаарындагы №4 балдар искусство мектебинин директору Татьяна Масиевская сыйланды.
Мындан башка да көптөгөн коомчулук өкүлдөрү сыйлык алышты.