Баткен шаарындагы соодагерлер базардагы мөмө-жемиштерин бекер таратып жаткан видео тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, соодагерлер борбордук базардын алдында жер-жемиштерин Баткен элине жана чек арада турган солдаттарга бекер таратып жатышат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-сентябрда тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине минометтон ок чыгарганы маалымдалган. Ошондой эле Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындан сырткары Чоң-Алайдын Тешик-Таш, Карамык, Кароол-Дөбө айыларында жайгашкан чек арачыларын көздөй ок атылганы айтылды.