Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке Нурлан Мотуев сурак берүү үчүн чакырылды. Бул тууралуу 5-декабрда
SUPER.KG порталына коомдук ишмер жана активист Нурлан Мотуев билдирди. Ал суракка чакырылгандыгынын себептерине токтолуп өттү.
“Мындан эки жыл мурун
президенттикке талапкерлик статусумдан пайдаланып, Орусия бийлигинен 1916-жылы
кыргыздарды кырганы үчүн 100 миллиард доллар талап кылгам. Бул орусиялык бардык
сайттарга чыккан. Ошондо Каратаев деген тергөөчү кылмыш ишин козгоп, бирок мен
телефондон урушуп койсом, ошону менен токтоп калган эле.
Андан тышкары акыркы эки
жылдагы саясий активдүүлүгүм, камакта жаткан К.Ташиев, С.Жапаровдорду бошотуу
боюнча митингдерди уюштурганым бийликтин тамагына сайган кылкан болду.
"Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча аксакалдарды алып келип, митингде эң биринчи мен айткам.
Канадалыктардан биздин бийликке Мотуевди камагыла деген буйрук түшүүсү мүмкүн",- деди ал.
Мындан сырткары коомдук талкууларга активдүү катышкандыгы да себеп болушу мүмкүн экендигин айтып, "Социалдык түйүндөрдө "Кыргызстан ислам өлкөсү болсун" деген маалыматтарды,
хадистерди таратканым бар.Мухаммед
пайгамбардын (С.А.В.) хадистерине түшүндүрмө бергеним болушу мүмкүн. Мындан тышкары социалдык
тармактарда журналисттер менен айтыша кетип, аларды жеңип салгам” деп кошумчалады Мотуев.