Бишкекте жыл башынан бери мыйзамсыз курулган 143 жай бузулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак жай департаменти тарабынан 2013-жылдын 1-январынан 30-ноябрына чейин 864 буйрук берилип, анын 628и аткарылган.
Ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөттө буйруктарды аткарбоо боюнча 168 административдик бузуулардын протоколу түзүлүп, алардын 58и сот чечими менен чыгарылган. Ал эми бузулган 143 жайдын 29у соттун токтому менен болсо, 114ү ыктыярдуу түрдө болгон.