Бүгүн, 5-декабрда Киев шаарында
өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин
тышкы иштер министрлеринин 20-жыйыныда Эрлан Абдылдаев мамлекеттин
социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсү тууралуу жыйын катышуучуларына
маалымат берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы
билдирет.
Жыйынга чыгып сөз сүйлөгөн
Эрлан Абдылдаев президент тарабынан кабыл алынган Кыргызстандын 2017-жылга
чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясы тууралуу маалымат берип, учурда бул
программаны ишке ашыруу үчүн атайын иш-чаралар жүрүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле министр Кыргызстандын шайлоо системи тууралуу кеп кылып, бул
багытта техникалык жана эксперттик жардамдарды бекемдөө зарылчылыгына токтолуп
өттү.
Жыйын учурунда Ооганстанды
калыбына келтирүү иштерине катышууга Кыргызстан да даяр экендиги айтылды.