29 жаштагы
Эламан Ураимов Тажикстандан аскерий жана белгисиз адамдарды Кыргызстанга киргизбөө үчүн өзүн граната менен жардырып курман болду. Мындай маалыматты
Kaktus.media сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Эламан Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн командири болгон. Ал 16-сентябрда башка офицерлер жана жоокерлер менен бирге Достук айылындагы өзүнүн постунда күжүрмөн тапшырманы аткарып жүргөн.
Маалыматтарга караганда, кыргыз жоокери агрессорлорду жок кылуу үчүн граната менен өзүн жардырган.
Белгилүү болгондой, Эламан Ураимов Бишкек аскердик институтун аяктаган. Ал Алай районунан болот.