Жалал-Абад шаарындагы ЖАМУнун жыйындар залында Чыңгыз
Айтматовдун 85 жылдык мааракесине карата “Түбөлүктүү жашай берет Айтматовдун
ааламы” аттуу республикалык деңгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп
өттү. Бул тууралуу 5-декабрда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Окуу жай менен Жалал-Абад облустук телерадио компаниясы биргеликте
уюштуруп жаткан илимий практикалык конференцияга студенттер, окутуучулар
катышты.
Мындан сырткары конференцияга өкмөттүн облустагы өкүлүнүн 1-орун басары Жумагүл Эгембердиева жана
шаар мэринин социалдык маселелери боюнча вице-мэри катышты. Иш-чарада
жазуучунун өмүрүн, чыгармачылыгын талкуулаган катышуучулар Чыңгыз Айтматов
кыргыз элинин жүрөгүнөн түбөлүккө орун алып жашай берет деген ойлорду айтышты.