Учурда Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын 32си мамлекеттик жана 20сы жеке менчик.
Ошондой эле министр мырза жогорку окуу жайларында окуган студенттердин жалпы саны 231 миң адам экендигин, алардын 54 пайызы күндүзгү окутуу бөлүмдөрүндө билим алышарын белгиледи.