Бүгүн, 19-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын аскерлери барымтага алган 4 аскер кызматкерин алып келди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, учурда эки тарапта тең абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр тынымсыз жүрүп жатат.
"Бүгүн Ташиев башында турган күч структураларынын өкүлдөрү тажик аскерлери барымтага алган УКМКнын 4 аскер кызматкерин бошотуп келишти.
Саат 21:00дө Ташиев жана бошотулган кызматкерлер Кызыл-Бел өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга кайтып келишти", - деп айтылат маалыматта.