Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 198ге жетти

Бүгүн, 20-сентябрь саат 15:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын саны 198 адамды түздү. Анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:

1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү экендиги айтылат.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriotka
2022-09-20 16:42:00
Эмнеге кобоюп жатат,токтой элекпи ошондо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан