
22-сентябрь күнү күндүз Ысык-Көл, Нарын жергесинин айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүйдө +26......+31,
Талас жергесинде +23.......+28,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27......+32,
Ысык-Көл менен Нарын аймагында +21.......+26 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +29.......+31 градус болору айтылды.