Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.

Президент Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысы катары шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө кепилдик берип, өнөктүк калыс, ачык жана жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда өтөрүн белгилеген.

Ага байланыштуу 21-сентябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин тийиштүү жарлыгы менен кошо кайрылуусу да жарыяланды.

Буга чейин Казакстанда Конституция өзгөртүлүп, президенттик ыйгарым укуктун мөөнөтү азыркы беш жылдан жети жылга узартылып, кайра шайлануу укугу алынып салынган.

Өлкөнү үч жылдан бери башкарып келе жаткан Касым-Жомарт Токаев келерки шайлоого катыша турганын билдирген. Эгерде шайлоодо утуп чыкса ал бийлик башында жалпысынан 10 жыл отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан