Кыргызстандын жарандары Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен аталган өлкөнүн аймагында жүрө алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирет.
Элчиликтин маалыматында жарым-жартылай аскердик мобилизация Орусиянын жарандарына гана тиешелүү.
Элчилик кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, Орусиянын аймагында жүргөндө расмий эмес маалыматтарды колдонбоого жана уруксатсыз массалык иш-чараларга катышпоого чакырат.
Эскерте кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин тиешелүү жарлыкка кол коюп, өлкөдө мобилизация иштери 21-сентбярдан башталарын билдирген.
Мындай чечим Казакстан менен Орусиянын чек арасындагы унаалардын жана адамдардын узун кезегинин пайда болушуна алып келген. Анткени көпчүлүк адамдар мобилизация жарыялангандан кийин согушка каршы экенин билдирип, Орусияны таштап кетишүүдө.