Орусияда жарыяланган мобилизациядан кийин казак-орус чек арасында унаалардын жана жөө адамдардын тыгыны кескин көбөйдү.
Бир нече чакырымга созулган унаалардын тыгыны Орусия тарапта чек арадан алда канча алыс көрүнүп турат. Көпчүлүк адамдар мобилизация жарыялангандан кийин согушка каршы экендиктерин билдиришип, Орусияны таштап кетишүүдө.
Орусиядан Казакстанга каттаган автобустарда билет калбай калганы айтылды. Көпчүлүк жарандар чек арага чейин такси менен келип жатышат. Жол кире дагы кескин кымбаттаганы айтылды.
Кечээ, 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.