Баткен облусунун аймагында 23-сентябрдан 24-сентябрга караган түн тынч өттү. Жалпысынан алганда кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу чек арада кырдаалды турукташтыруу максатында өз ишин улантууда", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.
14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунан 59 Кыргыз жараны мерт кетти. Жабыркагандар 200гө чамаласа, үйүн таштап коопсуз аймакка чыгып кеткендердин саны 140 миңге жакындады.
Ал эми кечээ күнү эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Нью-Йорк шаарында жолугуп, чек ара маселесин талкуулаганы кабарланды.