АКШнын Нью-Йорк шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сирожиддин Мухриддин БУУнун башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло менен чек арадагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу сөз болуп, тараптар маселени мындан ары тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын билдиришкен.
Мындан сырткары 19-сентябрда кол коюлган протоколдогу макулдашууларды аткаруу маанилүү экендиги белгиленди.
14-17-сентябрь күндөрү орун алган Тажикстандын агрессиясынан улам Кыргызстан 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын саны 200гө жакындап, эвакуация болгон элдин саны 140 миңден ашты.