Тажикстандын агрессиясы: Мерт кеткендердин саны 62ге жетти

Саат 12:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан мерт кеткендердин саны 62 кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Бул маркумдар жай тургундар арасынан көз жумгандар. Мурда аларды туугандары жерге берип, бирок каза болгондордун тизмесине кошулбай калганы айтылды.

Маалымдалгандай, Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 198 адамды түзүп, анын ичинен 62 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын жалпы санынан:

  • Балдар - 13
  • Эркектер- 171
  • Аялдар - 14

Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үчөөнүн абалы туруктуу, калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык экени айтылды.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунан улам, үйүн таштап коопсуз аймакка чыгып кеткендердин саны 140 миңге жакындады.

Ал арада кечээ күнү эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери Нью-Йорк шаарында жолугуп, чек ара маселесин талкуулаганы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан