Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы алына турган чек ара тозоттору боюнча түшүндүрмө берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы айрым чек ара тозотторун алуу боюнча эки тараптын макулдашуусу тууралуу түшүндүрмө берди.

"Төрт чек ара тозотунун алынышы жергиликтүү элдин макулдугу менен болду. Аларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген ар кандай чыр-чатактар себеп болду. Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан “сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың” деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда, эки тараптын тозоттору өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген. Эми алардын алынышы менен эмнелер өзгөрдү? Тозоттор алынган менен чек арада бир метр ары же бери жылган жок, жылбайт дагы. 24 саат бою көзөмөлдө турат.

Азыр XXI кылым, технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мындан тышкары аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз көзү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет. Андыктан “Посттор ачылды” деп элдин башын айлантпагыла, посттор ачылган жок. Посттор качан чек ара тилкелерди тактап бүткөндөн кийин гана ачылат. Өлкө жетекчилигинин чечими ошондой. Элди дүрөбөлөң кылып, арам ойлорун ишке ашыргысы келгендерге айтаарым, кыялыңар ишке ашпайт. Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, “менден кийин эмне болсо ошол болсун” деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз”, - деп билдирди атайын кызматтын төрагасы.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту эки тараптан тең алына турган болгондугу кабарланган. Мындай макулдашуу кечээ, 25-сентябрда эки өлкөнүн УКМК төрагаларынын жолугушуусу учурунда бекитилген. Эки тарап жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол коюлганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mashyrbek
2022-09-26 13:26:00
К.Ташиев чыныгы Мекенчил Лидер ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан