Кыргыз-тажик чек арасындагы алына турган чек ара тозоту жана посттору убактылуу гана алынат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта эки өлкөнүн УКМК жетекчилери кол койгон протоколдо чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу экендиги белгиленген.
"Учурда аталган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууну тараптардын көчмө чек ара отряддары ишке ашырып, алар чек араны бойлото, тараптар белгилеген жана макулдашылган чекте кызмат өтөшөт. Кол коюлган протоколго ылайык, тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары бул чек ара мыйзамдуу түрдө катталганга чейин кандайдыр бир башка иштерди жүзөгө ашырууну токтотот. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын комиссиясынын тиешелүү иштери уланууда",- деп айтылат маалыматта.
УКМК коомчулукту тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын негизсиз, ашкере сындоолорго, чек арадагы чыңалууну сактоого кызыкдар болгон эки өлкөдөгү тең күчтөрдүн деструктивдүү чакырыктарына алдырбоого жана чек арадагы талаштуу маселелерди өз ара пайдалуу жана тынчтык жолу менен тез арада чечүүгө өлкө бийлигине жардам берүүгө чакырат.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту эки тараптан тең алына турган болгондугу кабарланган. Мындай макулдашуу кечээ, 25-сентябрда эки өлкөнүн УКМК төрагаларынын жолугушуусу учурунда бекитилген. Эки тарап жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол койгон. Протоколго ылайык, биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан аскерлерди жана оор аскердик техникаларды, кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жерине алып чыгып кетүү боюнча иши улантылары айтылган.