ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы заставалардын алынышын кубаттады

Жамааттык коопсуздук келишим уюму Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы заставалардын алынышын кубаттайт. Мындай маалымат аталган уюмдун телеграм каналына жарыяланды.

"Аскердик кагылышуулар болгон чек ара тилкесинин жанына чек ара заставаларын койбоо боюнча тараптардын макулдашуусу чек арадагы кырдаалды турукташтырууга оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз", - деп жазылды ЖККУнун телеграм каналына.

Ошондой эле ЖККУ кол коюлган протокол ишке ашып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында тынчтык жана өз ара түшүнүшүү орнойт деген ишенимин билдирди.

16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 62 адам каза болгонун билдирди.

Ал эми кечээ, 25-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы 8 чек ара заставасы алынарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal11
2022-09-26 22:33:00
Москва Тажикстан тарап экенин дале биле электер барбы аранарда? Тажиктерге курал-жарак, ок-дары берип кокутуп куулоп жаткан Путин эмеспи? ЖККУ - ОДКБ Путиндин буйругун аткарган уюм. Путин фас десе кетет, стоп десе токтойт... Тажикстан Кыргызстанга басып кирсе ОДКБ унчукпайт да, Путиндин планы иш берип жатса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан