Кыргызстанда азыркы тапта 334 мектеп жана 118 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме капиталдык оңдоп-түзөөнү талап кылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелеринде казынадан бөлүнгөн каражаттарды 2012-жылдагы колдонуусунун жыйынтыгы боюнча отчётунда көрсөтүлгөн.
Маалыматка ылайык мектептерде суу түтүктөрү, электр энергия менен камсыз кылуу жана жылуулук берүүчү жабдыктар оңдоп-түзөөгө муктаж. Документте “Бирок Билим берүү министрлиги республикалык казынадан аз өлчөмдө каражат бөлөт. Мындан сырткары аталган мекемеде оңдоо-түзөөдөн өткөрүү боюнча атайын долбоорлор жокко эсе” деп айтылат.