Улуттук филармонияда Куран окуу боюнча жарыш өтөт

7-декабрда “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду жана “Умай-Нур” кайрымдуулук фонду биргеликте Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы атындагы мечит-медресенин 10 жылдыгына карата Республикалык IV Курани Карим боюнча сынактын финалын өткөрүшөт. Финалдык жарышка республиканын бардык облустардан тандалып алынган 21 кары катышмакчы. Мында Куранды толук жаттагандар, Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар жана Куранды көркөм окугандар таймашышат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Жарыш бул ирет Египет мамлекетинен келген атактуу Куран карысы Хани Хассан Ахмед Ридвандын Куран окуу аземи менен коштолмокчу. 

Сынактын баш байгеси – 100 000 сом. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан