Кыргызстандагы билим берүүчү мекемелерге 93 171 класстык
парта жетишпейт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Билим
берүү жана илим министрлигинин мекемелеринде казынадан бөлүнгөн каражаттарды 2012-жылдагы колдонуусунун жыйынтыгы боюнча
отчётунда көрсөтүлгөн.
Мектептердеги эмеректер маанилүү орунду ээлейт жана
өлкөдөгү көпчүлүк орто окуу жайларда ага болгон суроо-талап күч. Көрүлгөн
чараларга карабай азыркы тапта билим берүүчү мекемелерге 22 663 мугалимдер
үчүн стол, 22 663 отургуч жана 12,2 миң класстык доска керек.
Жогоруда
көрсөтүлгөн эмеректерди сатып алуу үчүн 608 миллион сом талап кылынат.