Ош технологиялык университетинде СПИД боюнча акция өттү

Кечээ, 5-декабрда Ош технологиялык университетинде 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Биз таза коом үчүн”  аттуу акция болуп өттү. Аталган иш-чараны окуу жайдын студенттик Акыйкатчы аппараты уюштурган. Акцияга окуу жайдын студенттери, окутуучулар жана коноктор катышышты. Иш-чаранын негизги максаты азыркы коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жаштар арасында азайтуу жана СПИД жөнүндө кененирээк маалымат берүү болуп саналат. 

Мындан сырткары студенттерге СПИД тууралуу кененирээк маалымат берүү үчүн  медицина кызматкерлери жана “Улуттук Кызыл Ай” коомунун өкүлдөрү чакырылган. Келген конокторго студенттер суроолорду берип, СПИД тууралуу маалымат алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан