Кечээ, 28-сентябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.
ИИМден билдиришкендей, чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.
Ички иштер министрлиги бүгүн, 29-сентябрда Бейшеналиевдин кармалган учурдагы видеону жарыялады.