Орусиядагы жарым-жартылай мобилизациянын алкагында аскердик кызматка чакырылган биринчи Орус жарандары күжүрмөн даярдыктан өтүү үчүн Донецкке барышты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Биринчи мобилизацияланган орусиялыктар армиянын зонасына келип, интенсивдүү машыгууларды башташты. Азыр алар полигондо интенсивдүү күжүрмөн даярдыктан өтүшүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин мобилизация болгон жарандар Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынын аймактарын көзөмөлдөө жана коргоо боюнча тапшырмаларды аткарууга киришет.
21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.