Эсептөө палатасы: Мектептерди китептер менен камсыздоо 72 пайызга аткарылган

Кыргызстандагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамга ылайык социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдү окуу куралдары менен камсыз кылышы керек. Бирок айыл жергесиндеги мектептерде окуган балдар китептер менен камсыз болбой келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелеринде казынадан бөлүнгөн каражаттарды  2012-жылдагы колдонуусунун жыйынтыгы боюнча отчётунда көрсөтүлгөн. 

Мектептердеги билимдин сапатын жогорулатуу үчүн шарт түзүү зарыл экендиги белгилүү. Азыркы тапта билим берүү мекемелерин китептер менен камсыз кылуу жалпысынан 72 пайызга аткарылган. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн Билим берүү министрлиги китептер үчүн акы төлөөнү сунуштаган. Юстиция министрлигинин 2012-жылдагы позициясына ылайык аталган маселе каралган эмес. 

Мындан сырткары окуу процесстеринде компьютердик техниканын  маанилүүлүгүнө басым жасалат. Учурда өлкөдөгү мектептердин 90 пайызы компьютер менен жабдылган. Алардын 80,4 пайызында гана атайын информатика кабинеттери бар.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан