
Түркиянын Бурса шаарында 124 саат манас айтыпц "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген манасчы
Рысбай Исаков Түркиядагы манас айтканы боюнча билдирүү жасады.
Манасчы өзүнүн манас айтуусунун талкууга алынышына кубанганын билдирди. Манасчынын айтымында бул элдин манаска эч качан кайдыгер карабай, ага карата кымындай да чаң жугузгусу келбегендигинен кабар берет.
"Кымбаттуу достор! Ошентип капилет ызы-чуу жараткан "Гиннесске" манас айтуубуз соңуна чыгып, 5 күндүк зор сыноону өтүп, рекорд жаңырды. Ага сүйүнүүгө убакыт бербей, кеби кейиштен, сөзү сөгүштөн бүткөн катмарга да кабылдык. Алардын бири чындыгында мени кубандырды. Ал элдин манаска эч качан кайдыгер карабай, ага карата кымындай да чаң жугузгусу келбегендиги. Бул абдан жакшы көрүнүш. Ар дайым ушундай бололу. Бирок экинчи бир нерсе көпчүлүктүн сабырсыз жана тамырсыз аракетте боло тургандыгын туюнтту.
1. Чуу жараткан тасма кандай максатта таратылды?
2. Эмне үчүн узак мөөнөткө айтып аткан манаста жакшы жерлер жок?
3. Манасчыны мурда угуп көрдүк беле? Башынан эле ушинтип айтат беле?
4. Манасчы манастын касиетин билбейби? Түшүнбөйбү?
5. Эмне үчүн ушул убакка чейин өзү жооп бербейт?
6. Ур-тепки кылган тааныштар, улукмандар, даанышман манасчы менен жеке байланышка чыгып, бир ооз окуянын төркүнүн тактадыбы?
7. Гиннес ага керек беле? Гиннессти манас касиетинен өйдө коёбу?
8. Ал айткан манастын бир окуясын толук укпай туруп жыйынтык чыгарууга болобу?
9. Анда барган 7 манасчынын биринде да касиет жокпу? Алар эмне деди? Жок дегенде ошолор менен байланыштыкпы?
Мен көпчүлүктү ушул суроолордун тегерегинде дагы бир жолу ой жүгүртүүгө чакырам. Ал эми өзүм эң негизги бир маселени айтайын.
Бул жолку манас айтууда мага дагы бир сыр ачылды. Мындай нерсени эзели эл алдында айткан эмесмин. Жада калса, түшүмдү айткым келчү эмес. Аргасыздык болмоюнча. Азыр да ошондой зарылдыктан улам айтып жатам. Манас дүйнөсү мага жаңы бир эшигин ачты! Бул мен үчүн эң зор табылга. Жерге тебелеген жеменин баары биригип келип, анын алдында кыпындай да болбойт. Мен жеткен бул бийиктик, балким, жалпы элге жарыгын чачкан жакшылык болмок. Сыягы, кыргыз касиетинин өзүнө кастык кылган күч аябай бакубат окшойт. Аны ушул окуядан эки жолу байкадым. Кандай кызык нерсеге дуушар болгондугумду ошол манас айтуубуздун тасмасын жарыялап айтып баяндап берейин.
Көпчүлүктү түйшөлткөн тасманын да сырын, жообун ачабыз. Ал жакта да сиздер күтпөгөн жагдайлар бар. Баарына сабыр тилейм", - деп билдирүү жасады Рысбай Исаков.
Рысбай Исаков манас айтууну 22-сентябрь саат 19:00дө баштап, 28-сентябрга караган түнү саат 03:00дө жыйынтыктаган. Бул үчүн ал "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган.