Ошто студенттер арасында “Интеллектуал жаштар” акыл таймашы уюштурулду

Кечээ, 5-декабрда шаарда Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин Ош облусундагы өкүлчүлүгү “Интеллектуал жаштар” акыл таймашын уюштурушту. Аталган иш-чарага шаардагы жогорку жана атайын окуу жайлардын студенттери катышты. Иш-чараны уюштуруунун негизги максаты студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу жана шаардагы студент жаштардын достук мамилесин чыңдоо болуп саналат. Акыл таймаштын жүрүшүндө студенттерге министрлик тарабынан предметтик, логикалык, тарых, ислам маданияты жана жаңы технологиялар тармагындагы суроолор берилип, алар көрсөтүлгөн регламентке карап жооп беришти. 

Таймашка жалпысынан  20дай команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун «Андроид», 2-орунду ОшТУнун “ОшТУ”, 3-орунду ОшМСУ жана ОГПИ командалары ээлешти. Жеңүүчү командаларга аталган министрликтин өкүлчүлүгү тарабынан кубок тапшырылды. Жеңүүчүлөр эми ЭлТР телеканалынын “Билерман ордо”  оюнуна катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан