Бишкекте бүгүн, 6-декабрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгы белгиленет. Салтанаттуу иш-чара Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага президент Алмазбек Атамбаев, төрага Асылбек Жээнбеков баш болгон ЖКнын депутаттары, мурунку чакырылыштагы парламент депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана чет өлкөдөн келген атайын коноктор катышат. Иш-чара саат 13:30да башталмакчы. |