Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы каралып жаткан маалда журналисттерди сот залынан чыгарып жиберген Бишкек шаардык сотунун үч судьясына байланыштуу Судьялар кеңешине кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Бишкек шаардык сотунун судьялары Улан Садырбеков, Сүйүнбек Бекташов жана Жамиля Сабитовага чара көрүү сунушу жазылган.
"Соттук коллегия сот отурумуна катышууну каалаган журналисттерге аудио-видео жазууну жүргүзүү боюнча укуктарын жана милдеттерин түшүндүрбөстөн, аларды сот залынан чыгарып жиберген. Соттук коллегия соттук териштирүүнү процессуалдык тартипти бузуу менен жүргүзгөндүгү жана алардын аракеттери сот бийлигинин беделин түшүрүп, элдин сот тутумуна болгон ишенимин кетирип жатат", - деп жазылат анда.
Кечээ, 3-октябрда Бишкек шаардык соту Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасын карап, аны абакта калтырган.
Эскерте кетсек, Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан кармалган.
Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаганы белгилүү болгон. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.
Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.