Кесиптик билим берүүчү окуу жайларын бүтүргөндөрдүн 30 пайызы жумушсуздардын катарын толуктайт

Кыргызстандагы кесиптик билим берүүчү окуу жайларын бүтүргөндөрдүн 30 пайызы жумушсуздардын катарын толуктайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелеринде казынадан бөлүнгөн каражаттарды 2012-жылдагы колдонуусунун жыйынтыгы боюнча отчётунда көрсөтүлгөн. 

Маалыматка ылайык, 1991-жылдан тарта орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын саны 2,5 эсеге көбөйүп, 2012-жылы алардын саны 112ини түзгөн. Аны менен катар студенттердин саны 20 миң адамга көбөйгөн. Алардын 70 пайызы гана, даярдыгынын мыктылыгына карата тамак-аш, жеңил өнөр жай, инженер-технология жана курулуш тармагында билим алгандар ишке орношот. Суроо-талап жоктугуна жана квалификациясынын жетишсиздигине байланыштуу жумушсуз калгандар 25-30 пайызды түзөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан