Батирден чыгарылып, көчөдө калдыңызбы? Юстиция министрлиги кайда кайрылса болорун айтты

Ижарага алынган турак жайдан чыгарылган жарандар Юридикалык жардам кызматына кайрыла алат. Бул туурасында Юстиция министрлигинин маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, Юридикалык жардам кызматы бардык каалоочуларга юридикалык кеңештерин берет.

Анда юристтер жана жактоочулар турак жайларды ижарага алуу маселелери боюнча квалификациялуу кеңештерди беришет.

Бардык суроолор боюнча тѳмѳндѳгү дарекке кайрылса болот: Бишкек шаары Жибек Жолу кең көчөсү 381, 3-кабат, МКЮЖ КБ же тел.: +996 555 808 270.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан