Жаңы шайланган төрага Нурланбек Шакиев тууралуу эмнелер белгилүү?

Жогорку Кеңеш бүгүн, 5-октябрда жаңы төраганы шайлады.

Жаңы шайланган Нурланбек Шакиевдин өмүр баяны.

Шакиев Нурланбек Тургунбекович 1977-жылдын 13-май күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1999-жылы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин менеджмент адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1996-1997 - "Обон" гезитинин башкы редактору;

1997-1999 - "Учкун" гезитинин башкы редактору;

1999-2004 - "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары;

2004 - Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы;

2005-2006- "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору;

2006-2009 - Президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы;

2009-2010 - Президенттин кеңешчиси. “ЭлТР” коомдук телеканалынын башкы директору;

2010-2011 - Маданият жана маалымат министри;

2017-жылы NewTV каналын негиздеп аны жетектеген. “2-канал” ЖЧКсынын башкы директору;

2021-жылдын декабрынан бери - Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты;

Мындан сырткары 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи;

Үй-бүлөлүү. Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alinsan
2022-10-05 15:50:00
Жаштар келсе болот беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан