"Эл мененмин". Шакиев Курманбек Бакиев тууралуу пикирин билдирди

Эл өкүлү Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин төрагалыгына жалгыз талапкер болгон Нурланбек Шакиевге "Курманбек Бакиев боюнча көз карашыңыз кандай?" - деп суроо узатты.

Ага Шакиев "Бардык мурдагы президенттер боюнча элдин пикири кандай болсо, меники дагы ошондой", - деди.

Бекешевдин "Айтор, эл мененсиз?" деген тактоо иретиндеги соболуна, Шакиев "Албетте" деп жооп берди.

Азыркы тапта Жогорку Кеңеште төрага шайланууда. Ага "Ата-Журт" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев жалгыз талапкер болуп катталды. Учурда эл өкүлдөрү талапкерге суроо узатышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-10-05 15:28:00
Анда колдойт экенсин да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан