Бүгүн, 6-декабрда КРнын Эсептөө палатасынын 2012-жыл боюнча отчёту парламентте КСДП фракциясында каралды. Мекеменин төрайымы Элмира Ибраимова 2012-жылдагы жасалган иштер боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутат Дамира Ниязалиева отчётту сунуш-пикирлерди эске алуу менен кабыл алууну айтып, жыйынтыгында фракция отчётту жактыруу чечимине келишти.