Жалал-Абадда жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо башталды

Бүгүн, 5-октябрда Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгынын тургундарынын катышуусунда жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо өттү. Бул жөнүндө шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.
Ага шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.
"Жергиликтүү курултайды өткөрүү жана жумушчу топтун курамын түзүү жөнүндө шаардык кеңештин токтомуна ылайык, буга чейин кварталдык комитеттерде өткөрүлгөн жыйында көрсөтүлгөн 40 делегат тандалып алынды.
Эл тарабынан сунушталган 40 делегат 26-октябрда өтүүчү Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү курултайына катышат. Ал эми көпчүлүктүн добушуна ээ болгон 2 делегат Жалал-Абад шаарынын атынан биринчи Элдик курултайга катышып, республикалык деңгээлде чечилүүчү шаардын көйгөйлүү маселесин көтөрөт.
Алдыда дагы калган аймактык башкарууларда да белгиленген график боюнча жергиликтүү жамааттан делегаттарды шайлоо боюнча жыйындар өтөт. Анда ар бир аймактык башкармалыктан жергиликтүү курултай үчүн 40тан делегат шайланат", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, ушул жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи элдик курултай өтөрү белгиленген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан