Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.
Маалыматка ылайык, ишембилик 8-октябрда өтөт.
"Урматтуу шаар тургундары, айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат. Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр", - деп айтылат кайрылууда.