Тажикстандын кол салуусу: Дастан Анарбековдун жакындары элге кайрылды

Тажикстандын кол салуусунан кийин дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкери Дастан Анарбековдун жакындары SUPER.KG порталына кайрылды. Алар айрым жергиликтүү басылмаларда Дастан тууралуу жарыяланып жаткан маалыматтарга нааразычылыгын билдиришти.

Алардын айтымында, учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

"Айрым маалымат булактары Дастандын сөөгү табылды, экспертиза Дастан Анарбеков экенин аныктады, бирок туугандары ишенбей ДНКга жиберүүсүн суранып жатышат деп чыгарууда. Буга байланыштуу элде эки ача ойлор жаралууда. Мындан улам кээ бир адамдар бизге "сөөгү табылган экен, эмне болуп жатасыңар" деп кайрылууда. ДНК тест өткөрүүгө Казакстанга материалдар жөнөтүлгөн. Бирок ал табылган жансыз дене Дастан экени тактала элек. Анын жыйынтыгы 20-октябрда чыгат деп айтышты", - деп билдиришти жакындары.

Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы Дастан Анарбеков боюнча маалымат тараткан. Ошону менен бирге генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети күч менен улантыларын билдирди.

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев коңшу Тажикстандын кол салуусунан кийин дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкери Дастан Анарбеков боюнча маселени көтөргөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан