
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу
Мар Байжиевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, эскерүү иш-чарасы эртең, 6-октябрда саат 14:00дө Улуттук китепканада болот.
Эскерүү кечеге коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, театр жана кино жаатындагы кесиптештери катышат.
Эске салсак, Мар Байжиев 2021-жылы 86 жаш курагында дүйнө салган. Мар Байжиевдин маектеринен үзүндүлөрдү
шилтеме менен кирип окуй аласыз.